Окумуштуулар секс-роботтун коомго тийгизген таасирин айтышты

© AFP / FRED DUFOURПроизводство секс-роботов в Китае
Производство секс-роботов в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер секс-роботторду коомчулук жылдан-жылга коопсуз өнөктөш жана жалгыздыктын "дарысы" катары кабыл алып бара жаткандыгына тынчсызданууда.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Өндүрүүчүлөрдүн ишендиргенине карабай секс-роботтор адамдын коомдон оолактап кетүү сыяктуу көйгөйлөрү менен күрөшүүдө тийгизген пайдасы тууралуу эч бир маалымат жок. Бул жөнүндө Лондондогу Королдук колледждин окумуштуулары изилдеп чыкканын gazeta.ru жазды. 

Окумуштуулар секс-роботторду коомчулук жылдан-жылга коопсуз өнөктөш жана жалгыздыктын "дарысы" катары кабыл алып бара жаткандыгына тынчсызданууда.

"Төшөк кумары тууралуу медициналык адабияттарды иликтеп көргөн адистер бул роботтордун коомдон алыстап кеткен адамдарга чын эле оң таасирин тийгизе турганы жөнүндө иликтөөлөрдү тапкан эмес. Буга карабай өндүрүүчүлөр өз товарынын пайдасын айтып бүтпөй, акыркы кездерде аны кары жана майып адамдардын кумарын кандыруу үчүн дагы сунуштай башташты", — деп жазылат макалада.

Ошондой эле адистер бул машиналарды колдонуунун пайдасы же зыяны тууралуу жетиштүү иликтөөлөр жана маалыматтар жок болгондуктан, андан оолак болууну сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0