Норвегияда кампага ууруга кирип шоколадга тойгон ак аюу терезеге тыгылып калды

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүБелого медвежонка из Якутии привезли в зоопитомник Московского зоопарка
Белого медвежонка из Якутии привезли в зоопитомник Московского зоопарка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак аюу эшиги ачык турган кампага кирип, кокусунан жабылып калган эшиктен чочуп терезеден качып кетүүгө аракеттенген.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Норвегиянын Шпицберген аймагындагы мейманкананын кампасына кирген ак аюу шоколад жеп, түрдүү ичимдиктер куюлган шишелерди сындырып, качып баратканда терезеге тыгылып калган. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Кыргызстандын тоолорунда томпоңдогон үч мамалагын ээрчиткен эне аюу
Жырткыч жаныбарды Radio Adventure Hotel мейманканасынын кызматкери байкап калган. Ак аюу эшиги ачык турган кампага кирип, кокусунан жабылып калган эшиктен чочуп терезеден качып кетүүгө аракеттенгенде ага кыпчылып калган.

Кызматкер куткаруучуларды чакырган. Тик учактын үнүнөн чочуган аюу эптеп түшүп, деңизди карай чуркап кеткен.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0