Кытай саясатчылары Назарбаевди кантип атай турганын өзүнө айтып беришти

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүКазакстандын президенти Нурсултан Назарбаев. Архив
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Назарбаевге бул тууралуу Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаньшу жолугушуу маалында билдирген.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Кытай аткаминерлери Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевди ич ара "жолдош Абишевич " деп атай турганын КТК телеканалына шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Казак президентине бул тууралуу Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаньшу жолугушуу маалында айтып берди.

"2013-жылы сиз менен бирге Астана шаарынан Алматыга учканыбызды төрага (Си Цзиньпин — ред.) экөөбүз тең эстейбиз. Учакта чогуу тамактанганыбыз эсиңиздеби? Менимче, бул биздин өзгөчө жакын мамилебизден, достогубуздан кабар берип турат. Биз ич ара сүйлөшүп жатканда сизди "жолдош Абишевич" деп коебуз. Бул биз тараптан өзгөчө сыйдын белгиси", — деди Чжаньшу.

Белгилей кетсек, ушул тапта казак президент Нурсултан Назарбаев Кытайда мамлекеттик иш сапары менен жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0