Малайзияда тамак менен гүлдөн башка белек алган чиновниктер жазаланмай болду

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүБукет гүлдөр. Архив
Букет гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы белек бергендер да, аны алгандар да бирдей эле жазаланарын белгиледи.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Малайзиянын жаңы премьер-министри Махатхир Мохамад аткаминерлерге азык-түлүк, мөмө-жемиш жана гүлдөн башка белек алууга тыюу салды. Бул тууралуу New Straits Times гезити кабарлады.

Маалыматка ылайык, мындай кадамга өкмөт башчы коррупцияга каршы күрөшүү максатында барууда.

"Кимдир бирөө мага кымбат баалуу белек берсе мен аны кабыл албайм. Бул мамлекеттик кызматкерлердин баарына тиешелүү", — деди өкмөт башчы жума күнү маалымат жыйын куруп жатып.

Анын айтымында, жазага белек берген киши да, аны алган чиновник да бирдей тартылат.

Буга чейин аталган өлкөнүн экс-премьерине таандык 72 баштыкка салынган акча табылганы тууралуу видео да тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0