Facebook колдонуучусу "уулдуу болдум" деп жазса, эл ага көңүл айта баштаган

© AFP / LIONEL BONAVENTUREЛоготип социальной сети Facebook
Логотип социальной сети Facebook - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Функциянын ачыкталышы социалдык тармакта чуу жаратты.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Facebook социалдык баракчасынын колдонуучусу Иван Митин өзүнүн микроблогунан өзгөчө көрүнүштү байкаган.

Анын айтымында, Facebook тармагындагы ачык функциянын арты менен бир эле постту жарыялап бирок эки башка текстти көрсөтүүгө болот.

Facebook социалдык тармагынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Facebook кокусунан 14 млн. колдонуучунун жеке маалыматын ачыктап алды
Митин "Ура! Мен кайрадан ата болом! Куттуктап койгула!" деп жазган. Айрымдар жакшы сөздөрүн калтырса, көпчүлүгү көңүл айта баштаган. Көрсө алардын лентасына такыр эле башка текст, тагыраагы "менин сүйүктүү Синди деген күчүгүм өлүп калды" деп чыгып калган.

Мындай өзгөчөлүк профилдин кайсы тилде жөндөлгөнүнөн көз каранды экени маалым болду. Facebook баракчасы орус тилиндегилер биринчи текстти көрсө, англис тилиндегилери экинчисин көргөн.

Башка текстти көрүү үчүн жөндөөлөрдү өзгөртүш керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0