G7 лидерлери саммиттен кийин акыйнек айтышып калганда...

© REUTERS / Yves HermaСаммит лидеров G7 в Квебеке
Саммит лидеров G7 в Квебеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канаданын чыгышында жайгашкан Квебек провинциясында G7 өлкөлөрүнүн лидерлери бири-бирин айыптай баштады.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп менен анын эки кеңешчиси Twitter аркылуу Канаданын премьер-министри Жастин Трюдону айыптап чыгышты. Алардын айтымында, Трюдо "акыйкатсыз дипломатия" менен алектенип жатат. Бул тууралуу BBC жазды.

Саммит лидеров G7 в Квебеке - Sputnik Кыргызстан
"Чоң жетиликтин" чоңдорунун күлкү чакырган сүрөтү. РФ ТИМи пикирин билдирди
Президент Трамп "Чоң жетиликтин" жыйынтыктоочу коммюникесине дагы кол коюудан баш тартып койгон. Германиянын канцлери Ангела Меркель АКШ башчысынын мындай чечимин "соолуктуруп", анан "капалантты" деди.

Бирдиктүү коммюникенин текстинде тараптардын пикир келишпестигин жоюу, эң башкысы эл аралык соода-сатыкка тийиштүү маселелерди чечүү каралган болчу.

АКШнын соода өнөктөштөрү болгон Европа биримдиги, Канада менен Мексика Дональд Трамптын болот менен алюминийдин импортуна болгон тарифти кескин жогорулатуу боюнча чечимине сын айтып чыгышты.

Ким кимди жана эмне үчүн айыптап жатат?

Саммит бүткөндөн кийин эле Жастин Трюдо маалымат жыйын куруп Американын жаңы тарифтерине каршы экенин жар салды. Ал ошондой эле Канада буга 1-июлда жооп катары чара көрө турганын билдирген.

"Канадалыктар сылык жана түшүнүктүү эл. Бирок чыдамкайлыктын дагы чеги болот", — деди премьер-министр.

Трамп болсо Сингапурга Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугуу үчүн бара жаткан сапарында өзүнүн Twitter баракчасына коммюникеге кол койбой турганын жазып, автоунааларга кошумча нарк салыгын киргизүүнү ойлонуп жатканын белгилеген.

Америка президентинин айтымында, ал мындай чечимге Жастин Трюдонун "туура эмес" билдирүүсүнөн кийин келген. Ошондой эле Трамп "Канада америкалык фермерлерден, жумушчулардан жана компаниялардан чоң көлөмдөгү кошумча нарк салыгын алып турарын" билдирген.

Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Трамп кесиптеши Ким Чен Ын менен жолугуу үчүн Сингапурга келди
Трамптын экономика тармагы боюнча кеңешчиси Ларри Кудлоу менен эл аралык соода-сатык боюнча кеңешчиси Питер Наварро жекшемби күнү эртең менен америкалык телеканалдарга канадалык премьер-министрди сындап, бир катар интервьюларды бергенге жетишти.

Кудлоунун айтымында, "ал киши далыга бычак ургандай эле кылды". Наварро андан да катуу кетип: "Трамп менен акыйкатсыз дипломаттык иштерди жүргүзүп, андан кийин чыгып баратканда далыга бычак урган лидерлер үчүн тозокто атайын орун бар" деди.

Канаданын тышкы иштер министри Христя Фриланд Трамптын Канаданын болоту менен алюминийинин импортуна болгон кошумча нарк салыкты көбөйтүү чечимин "абсурд" деп баалап, канадалыктардын кыжырына тийгенин билдирди.

"Канада АКШнын жакынкы жана эң күчтүү шериктеши. Биз АКШга улуттук коопсуздук жаратпайбыз, муну америкалыктар өздөрү деле түшүнүп турат деп ойлойм", — деди Фриланд.

"Чоң жетиликтин" башка лидерлери дагы Дональд Трамптын реакциясына аң-таң болуп, жыйынтыктоочу коммюникенин текстин колдой тургандыктарын белгилешкен.

Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск Ак үйдүн администрациясына карата шакаба иретинде Twitter баракчасына "Жастин Трюдо үчүн бейиште атайын орун бар. Канада, "Чоң жетиликтин" саммитин уюштурганыңар үчүн чоң рахмат!" деп жазган.

Ал эми Франциянын лидери Эммануэль Макрон эл аралык кызматташуу каар менен кайым айтышуудан түзүлбөй турганын айтты.

"Олуттуу болуп, өз элибиздин урмат-сыйына татыктуу болушубуз керек. Биз моюнга жоопкерчиликти алып, милдеттерди аткарып келебиз", — деп Елисей сарайынын билдирүүсүндө айтылат.

Коммюникеде эмнелер айтылган?

Кытайдын Циндао шаарында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тежикстандык кесиптеши Эмомали Рахмон менен кезикти - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков менен Рахмон Кытайда жолугушту. Ортодо эмне сөз болду
Квебекте өткөн саммиттен кийин жети өлкө — Канада, АКШ, Франция, Улуу Британия, Италия, Германия жана Япония эркин, акыйкаттуу, ошондой эле өз ара пайдалуу соода жүргүзүү боюнча коммюнике кабыл алган.

Мындан сырткары, коммюнике бир катар башка маселелерди дагы камтыган:

Россия. Москваны Сириянын президенти Башар Асадды колдоосун жана "дестабилдештирүү аракеттерин" токтотууга чакыруу;

Иран. Тегерандын өзөктүк программасын тынчтык аспектиси менен камсыздоо;

Климат. Тараптар макул болбоого макулдашты. АКШ климаттын өзгөрүшү боюнча Париж келишиминин принциптерин сактоодон баш тарткан;

Аялдардын билим алуусу. Бардык тараптар кедей өлкөлөрдөгү аялдар менен кыздардын билим алуусу үчүн 2,9 миллиард доллар бөлүп берүүгө макулдашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0