Сильвестр Сталлоне 32 жыл мурда кыз зордуктады делип, иши прокуратурага өттү

© AFP / JEAN-BAPTISTE LACROIXАктер Сильвестр Сталлоне в Голливуде
Актер Сильвестр Сталлоне в Голливуде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыптоочу аны 16 жаш курагында, 1986-жылы актер менен жан сакчысы кордогонун айтууда.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Лос-Анжелестин прокуратурасы кызга асылды деп айыпталып жаткан Голливуд актеру Сильвестр Сталлоненин ишин карап жатат. Бул тууралуу Hollywood Reporter басылмасы жазды.

Прокуратуранын өкүлү Грег Рислингдин айтымында, иш 1986-жылы болгон окуянын негизинде козголгон.

Случаи педофилии в индийском городе Нью-Дели - Sputnik Кыргызстан
Индияда 12 жашка чейинки кыздарды зордуктагандар өлүм жазасына тартылмай болду
Жабырлануучу былтыр күзүндө Санта-Моника шаарынын полициясына арыз жазып, Сталлоне менен жан сакчысы аны Лас-Вегастагы мейманканалардын биринде күч колдонуп зордуктаганын айткан. Ал учурда жабырлануучу 16 жашта болгон.

Окуя болгондон кийин актер менен жан сакчы кызды оозун жаап жүрүшү керектигин айтып, эгер кимдир бирөөгө айтса жок кылабыз деп коркутушкан. Анткени бул маалда алар үй-бүлөлүү болгон.

Кечээ шаардык сот ишти прокуратурага өткөрүп берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0