ЖМК: Трамп G7 саммитинде Крым Россияга караштуу экенин айткан

© REUTERS / Al Drago Президент США Дональд Трамп
Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Крым 2014-жылкы референдумдан кийин Россиянын карамагына өткөн.

БИШКЕК, 15-июн. – Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп "Чоң жетиликтин" лидерлерине Крым Россияныкы экенин билдирген. Бул тууралуу BuzzFeed News порталы дипломатиялык булактарына таянып жазды.

"Дональд Трамп G7 уюмунун лидерлерине Крымдагылардын бардыгы орусча сүйлөгөндүктөн Россияга караштуу экенин айтты", — деп порталдын маектеши билдирген. 

Эске салсак, Крым 2014-жылкы референдумдан кийин Россиянын карамагына өткөн. Россияга кошулууга жашоочулардын 96,77 пайызы добуш берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0