Террористтердин бардыгы Парижде! Трамп "Чоң жетилик" лидерлерине асылды

© AFP / ANDREW CABALLERO-REYNOLDSПрезидент США Дональд Трамп
Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лидерлердин бардыгы Трампка катуу кыжырланышканы менен өздөрүн өтө токтоо алып жүрүүгө аракет кылышкан.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп "Чоң жетилик" саммитинде Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер баштаган бир катар лидерлерге катуу сын-пикирин айткан. Бул тууралуу Wall Street Journal гезити Европа биримдигинин жогорку даражадагы өкүлүнө шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Трамп Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкерди АКШдан Европага кирген товарларга салынган бажы алымдары үчүн "мыкаачы жан алгыч" деп атаган.

Ошондой эле Трамп Франция президенти Эммануэль Макрон менен Япониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэден дагы кыя өтпөгөнү басылмада белгиленген.

"Ирандагы террочулар тууралуу кеп кылып жатабыз. Бирок, Эммануэль, сиз билип коюңуз, террористтердин бардыгы Парижде", — деген АКШ президенти.

Ал эми Европадагы миграциялык маселелер талкууланып жаткан кезде Трамп Синдзо Абэге да тийишкен.

"Синдзо, силерде мындай көйгөй жок, бирок, кааласаңар 25 миллион мексикалык жаранды силерге жиберип кое алам. Бат эле жумушсуз каласыңар", — деп Трамп белгилеген.

Басылмада жазылгандай, лидерлердин бардыгы Трампка катуу кыжырланышканы менен өздөрүн өтө токтоо алып жүрүүгө аракет кылышкан.

"Чоң жетилик" саммити 8-9-июнь күндөрү Канадада өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0