Космостогу алгачкы аял командир пенсияга кетти

© NASAАстронавт-рекордсмен Пегги Уитсон
Астронавт-рекордсмен Пегги Уитсон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал учурда МКСте өткөргөн жана ачык космоксо чыккан убактысы боюнча аял космонавттардын арасында рекордчу болуп эсептелет.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Эл аралык космос станциясынын (МСК) алгачкы аял командири, АКШлык астронавт Пегги Уитсон пенсияга чыкты. Бул тууралуу НАСАга шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

Уитсон биринчи жолу бул тармакка 1986-жылы келип, НАСАга илимий кызматкер катары жумушка орношкон. 10 жылдан кийин астронавттар отрядына кабыл алынып, 2002-жылы алгачкы жолу космоско учкан.

Ал учурда МКСте өткөргөн жана ачык космоско чыккан убактысы боюнча аял космонавттардын арасында рекордчу болуп эсептелет.

"Уитсон 16 жылдан бери Россиялык космос кемелеринин жана АКШ шаттлдарынын станциясында 665 күн жүрдү. Анын ичинен 60 саат 21 мүнөтүн ачык космосто өткөрдү", — деп айтылат макалада.

Ал акыркы учуусун 2016-жылдын ноябрь айында ишке ашырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0