Москвада такси адамдарды коюп кетти. Айдоочудан кыргыз күбөлүгү табылды

© Фото / ГКУ ЦОДДНаезд такси на восьмерых человек в Москве
Наезд такси на восьмерых человек в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кыймылын уюштуруу уюмунун борбору, айдоочу кыргыз күбөлүгүн көтөрүп жүргөнүн билдирген. Айдоочу өзү болсо жөө адамдарды атайылап койдурбаганын белгилеген.

БИШКЕК, 17-июн. – Sputnik. Москванын чок ортосунда такси кызматынын айдоочусу жөө адамдарды коюп кетти. Анын кесепетинен жети адам жабыркады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. 

Билдирмеге караганда, айдоочу ошол жерден колго түшүрүлгөн. Буга чейин сегиз адам жаракат алганы айтылып жаткан болчу. 

“Бүгүн Ильинка көчөсүндөгү 5/2 үйдүн жанында такси тротуарга чыга калып адамдарды коюп кетти. Алдын ала маалымат боюнча медициналык жардамга жети адам кайрылган”, — деп айтылат маалыматта. 

Агенттиктин ишенимдүү булактары билдиргенине караганда, жаракат алгандардын экөө Россия, экөө Мексика, дагы экөө Азербайжан жана бирөө Украинанын жарандары. Мексиканын элчилиги алардын эки жараны жабыркаганын тастыктады. 

Ал эми Шаардык саламаттык сактоо департаменти сегиз адам жаракат алаганын маалымдады. Алардын жетөө канааттандырарлык абалда болсо, дагы бирөөсүнүн абалы орто деп бааланууда. 

Алдын ала маалыматтар боюнча – айдоочу рулду башкара албай калган. Күнөөкөр полициянын аймактык бөлүмүнө жеткирилген. 

​Жол кыймылын уюштуруу уюмунун борбору, айдоочу кыргыз күбөлүгүн көтөрүп жүргөнүн билдирген. Айдоочу өзү болсо жөө адамдарды атайылап койдурбаганын белгилеген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0