Москва мэри элди коюп кеткен кыргызстандык таксисттин окуясы боюнча үн катты

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүМосква шаарынын мэри Сергей Собянин. Архив
Москва шаарынын мэри Сергей Собянин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу из жашырып кетүүгө аракет кылган. Бирок аны күбөлөр кармап калган.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Москва шаарынын мэри Сергей Собянин Twitter баракчасына бир нече адамды коюп кеткен айдоочунун окуясы тууралуу жазып, абал жеке көзөмөлүндө экенин айтты.

Эскерте кетсек, кырсык 16-июнь күнү Москванын чок ортосунда болгон. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалыматы боюнча таксист КР жараны болуп чыккан.

​"Ильинкада таксиге байланыштуу жагымсыз окуя болуп кетти. Айдоочу рулга ээ боло албай калыптыр. Бир нече адам жабыркады, аларга тийиштүү жардам көрсөтүлдү. Абал менин жеке көзөмөлүмдө", — деди Собянин.

Такси айдоочусу окуя болгон жерден кетип калууга аракет кылган. Бирок аны күбөлөр кармап калышканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0