Эмчек рагынын алдын ала турган ыкма табылды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүВыставка "ИгроМир 2017" и фестиваль Comic Con Russia 2017
Выставка ИгроМир 2017 и фестиваль Comic Con Russia 2017 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар бул 15 жылдык эмгектин жыйынтыгы экендигин айтышкан.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Калифорния университетинин окумуштуулары D витаминин көп колдонуу эмчек рагынын көбөйүп кетишинин алдын аларын айтышты. Бул туурасында EurekAlert сайты билдирди.

15 жылдык байкоолордон кийин адистер аялдардын канындагы кальцифедиолдун (D тобундагы витаминдер) жогорку деңгээлде болушу жаман оорунун алдын аларын айтышкан.

"Канында кальцифедиолдун жогорку деңгээлде (миллиметрине 60 нанограмм) болушу канында миллиметрине 60 нанограммдан ашпаган кыз-келиндерге караганда рак тобокелдигин беш эсеге азайтат", — деп жазылган маалыматта.

Руководитель Школы пациентов Айгуль Кулдаева - Sputnik Кыргызстан
Айгүл Кулдаева: себеби жок капалануу эмчек рагына алып келет
Окумуштуулар кандын курамында жогорудагы витаминдин тиешелүү деңгээлде болушу үчүн азык-түлүккө диеталык кошулмалар менен 4-6 миң эл аралык бирдикти (МЕ) колдонууга кеңеш берген.

(Ученые советуют, чтобы достигнуть требуемого уровня витамина в крови, нужно употреблять диетические добавки и пищу с 4-6 тысячами международных единиц (МЕ) в день.)

Бир МЕ 0,025 микрограмм затка туура келет. Маалыматта күнүнө 10-15 мүнөт күндүн алдында тургандар, тамак-ашка кошуучу затты (МЕ — ред.) азайтышы керектиги айтылган.

Окумуштуулар буга чейин организминде майы көбүрөөк аялдар арыктарга караганда эмчек рагына көбүрөөк чалдыгарын жар салышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0