Ким Чен Ын Кытайга барды

© REUTERS / KCNAЛидер Северной Кореи Ким Чен Ын
Лидер Северной Кореи Ким Чен Ын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайдын "Синьхуа" маалымат агенттигинин жазышынча эки мамлекеттин башчылары 19-20-июнда жолугат.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Пекинге келди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Ким Чен Ын самолеттун трапынан түшүп келе жатканын Япониянын Nippon телеканалынын оператору тартып алган.

Встреча президента США Дональда Трампа и лидера КНДР Ким Чен Ына - Sputnik Кыргызстан
Трамп менен Ким Чен Ын жыйынтыктоочу документке кол коюшту
Flightradar маалымат порталынын маалыматына ылайык, Пекинге конгон Түндүк Кореянын "Корё" авиакомпаниясына таандык учак буга чейин Ким Чен Ын Трамп менен жолукканда Сингапурга учуп барган.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Кытайдын башчы Си Цзиньпинь менен жолугуп, 12-июнда болгон АКШ — Түндүк Корея саммитин талкуулап, мындан ары сүйлөшүүлөр кандай болорун мерчемдейт. Кытайдын "Синьхуа" маалымат агенттигинин жазышынча жолугушуу 19-20-июнда өтөт.

ЖМКлардын билдиргенине караганда Ким Чен Ын 2011-жылы бийликке келгенден кийин биринчи жолу Кытайга 2018-жылы 25-28-мартта бейрасмий сапар менен келип кеткен. Бирок бул тууралуу жолугушуу аяктаганга чейин маалымдалган эмес. Экинчи жолу ал Си Цзиньпинь менен 7-8-майда жолуккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0