Си Цзиньпин: Кытай Түндүк Кореяны толук колдойт

© REUTERS / Axel SchmidtКытайдын лидери Си Цзиньпин. Архив
Кытайдын лидери Си Цзиньпин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ким Чен Ын жубайынын коштоосунда Кытайга эки күндүк иш сапар менен келди.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кытайдын лидери Си Цзиньпин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугуп жатып эл аралык аренада жана аймактагы абал кандай болбосун, Пхеньянга колдоо көрсөтүүдөн баш тартпай турганын айткан. Бул тууралуу РИА Новости Кытайдын борбордук телеканалына таянуу менен жазды.

Ким Чен Ын жубайынын коштоосунда Кытайга эки күндүк иш сапары менен келди. Эки лидер Элдик кеңеш үйүндө түштөн кийин жолугушкан.

"Кытай Түндүк Корея менен болгон достук мамилеге өзгөчө маани берет. Эл аралык аренада, аймакта абал кандай болбосун, Кытай өкмөтү менен партиясы Түндүк Корея менен болгон достук мамилесин сактап калат", — деди Си Цзиньпин.

Кытайдын лидери ошондой эле мындан ары эки элдин достугу жана байгерлиги үчүн көп жылдык достукту чыңдоого даяр экенин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0