Афганистан: талибдер кол салып, күч түзүмдүн 30дай кызматкери мүрт кетти

© AFP / Noorullah ShirzadaТалибдер. Архив
Талибдер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ок атпоо режими 11-июндан 19-июнга чейин киргизилген.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Афганистандын коопсуздук күчтөрүнүн 30дай кызматкери талибдердин Багдис провинциясындагы кол салуусунан каза болду. Бул тууралуу РИА Новости Рейтер агенттигине таянуу менен жазып чыкты.

День открытых дверей в Национальной гвардии Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Террорчулар Кыргызстандын эмнесине кызыгып жатканы айтылды
Ага ылайык, талибдер эки көзөмөл өткөрүү жайын кол салган. Агенттик бул окуя ок атпоо тартиби киргизилгенден кийинки эң ири кол салуу экендигин жазды.

Ишемби күнү Афганистандын президенти Ашраф Гани өкмөт менен Талибандардын келишүүсү он күнгө чейин созулаарын айткан. Ок атпоо тартиби 11-июндан 19-июнга чейин киргизилген.  "Талибан" кыймылы мындай демилгени колдобой тургандыгын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0