Минск шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы парк ачылды

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүМинск шаары. Архив
Минск шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми ал жакка жазуучунун эстелигин коюу мүмкүнчүлүгү да бар.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Белоруссиянын борбору Минск шаарындагы сейил бакка кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бул аракет Кыргызстандын Белоруссиядагы элчилигинин демилгеси менен ишке ашкан.

Премьер-министр улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койду. Видео - Sputnik Кыргызстан
Премьер-министр улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койду. Видео
Чечим Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин 2018-жылдын 19-июнунда Минск шаарынын аткаруу комитетинин төрагасы А.Шорец жана маданият башкармалыгынын башчысы В.Рудикова менен жолугушууда тастыкталган.

Жолугушууда сейил бакка эстелик орнотуу мүмкүнчүлүгү бар экени да айтылды.

Парктын жалпы аянты 19,6 гектарды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0