Жүзүнөн күлкү кетпеген адамдар көбүрөөк эсте калары аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековАкция "Вальс Победы" посвященная участникам ВОВ на площади Победы
Акция Вальс Победы посвященная участникам ВОВ на площади Победы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кишинин сырткы келбети жеке жашоодо, карьералык өсүшүндө жана коомдо өзгөчө ролду ойнойт.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Адамдар сүрөткө жылмайып же кандайдыр бир эмоцияны көрсөтүп түшкөн бейтааныштардын жүзүн жакшы эстеп калат. Бул тууралуу British Journal of Psychology журналына басылган макалада айтылат.

Уктап жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аз же көп уктаган ден соолукка кандай таасир берери аныкталды
Кишинин сырткы келбети жеке жашоодо, карьералык өсүшүндө жана коомдо өзгөчө ролду ойнойт. Мисалы окумуштуулар 2011чи жана 2013-жылы жүргүзгөн экспериментте келбети жакшынакай кишилер жакшы жумушка орношорун, ал эми дайыма кабагын түйүп жүргөндөр анчалык ийгиликке жетпей турганын аныкташкан.

Окумуштуулар ошондой эле байтааныш кишилер кандай болгон учурда эсте каларын аныктап көрүшкөн. Ал үчүн студенттерди эки тайпага бөлүп кезеги менен эч кандай эмоциясын көрсөтпөгөн кишилер менен күлүп-жайнап, эмоциясын жашырбагандардын сүрөтүн көрсөтүшкөн. Студенттердин көбү эмоциясын жашырбаган адамдарды жакшы эстеп калышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0