Трамп Путин менен июль айында жолугууну пландап жатканын айтты

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүАКШ президенти Дональд Трамп Россиянын президенти Владимир Путин. Архив
АКШ президенти Дональд Трамп Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Россия менен АКШ президенттеринин жолугушуу мүмкүнчүлүгү боюнча бир пикир жок экенин айткан.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россиянын президенти Владимир Путин менен июль айында жолугушуу мүмкүндүгүн караштырып жатканын Bloomberg басылмасы жазды.

"Путин менен июль айында жолугууну караштырып жатам", — деген Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Трамп эмне үчүн Россияны G7 уюмуна кайтаруу керектигин түшүндүрдү
АКШ президенти буга чейин да Путин менен жолугууга ниеттенип жатканын айткан болчу. Ал Fox News телеканалынын түз эфиринде россиялык кесиптеши менен жакында жолугарын билдирген. Ал эми Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Россия менен АКШ президенттеринин жолугушуу мүмкүнчүлүгү боюнча бир пикир жок экенин айткан.

Бейшемби күнү АКШнын улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Гарретт Маркис Американын улуттук коопсуздук кеңешинин президентинин кеңешчиси Жон Болтон июнь айынын аягында Москвага барып, Россия — АКШ саммитин уюштуруу боюнча сүйлөшө турганын маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0