Эки Корея бөлүнүп калган үй-бүлөлөрдү жолуктурат

© REUTERS / KIM HONG-JIТүндүк жана Түштүк кореянын бириккен картасын кармап турган адам. Архив
Түндүк жана Түштүк кореянын бириккен картасын кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк кореялыктардын 24 пайызы Түндүк Корея кайда жайгашкандыгын жана ал жакта туугандары жашай тургандыгын билишпейт.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Түндүк жана Түштүк Корея Кызыл чырым уюмунун жардамы менен согуш учурунда бири-биринен ажырап калган үй-бүлө мүчөлөрүн жолуктурууга ниеттенип жатат. Бул туурасында РИА Новости Ренхап агенттигине таянып билдирди.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөр Түндүк Кореянын Кымгансан тоосундагы мейманканада өтөт. Алар Корей согушу учурунда эки жакка бөлүнүп калган бүлөлөрдү жолуктурууну 15-августта, Куткаруу күнүндө талкууламакчы. Аталган кадам эки Кореянын президенттери Ким Чен Ын менен Мун Чжэ Ин жолуккан саммитте ташталган. Соңку ирет мындай жолугуу 2015-жылдын октябрь айында өткөн.

Конфликт между Южной Кореей и КНДР - Sputnik Кыргызстан
Түштүк Кореяда кармалган Түндүк кореялыктар өлкөсүнө кайра жибербөөнү суранууда
Түндүк Кореянын Улуттук биримдик боюнча министрлиги жүргүзгөн сурамжылоого караганда, түштүк кореялыктардын 24 пайызы Түндүк Корея кайда жайгашкандыгын жана ал жакта туугандары жашай тургандыгын билишпейт.

Корея 1945-жылы япониялык колониядан куткарылгандан кийин экиге бөлүнгөн. Түндүгүндө СССРдин кароосу менен Социалисттик Корей элдик демократиялык республикасы, ал эми түштүгүндө АКШнын колдоосу менен капиталисттик Корея республикасы негизделген.

1950-1953-жылдагы согуштан кийин өз ара ынтымакка келүү келишимине кол коюлуп, аталган аймактагы үй-бүлөлөр эки жакта калган. Алардын арасында бири-биринен ажыраган туугандар, эже-сиңдилер, балдары менен ата-энелери болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0