Анкарада шайлоо күнү жардыруу уюштурмакчы болгон 14 киши кармалды

© REUTERS / HUSEYIN ALDEMIRНападение на ночной клуб в Стамбуле
Нападение на ночной клуб в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалгандардын бардыгы чет элдик жарандар.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук тобунун 14 мүчөсү Анкарада кармалды. Алар 24-июнда өтө турган президенттик шайлоо күнү бир катар жардырууларды пландаштырган деп айыпталууда. Бул тууралуу Анадолу маалымат агенттиги жазды.

Ага ылайык, шектүүлөр атайын операциянын жүрүшүндө кармалган. Колго түшкөндөрдүн бардыгы чет элдик жарандар. Алардын жашаган жерин тинтүү учурунда көптөгөн материалдар табылган.

Нарушивший закон мужчина в наручниках - Sputnik Кыргызстан
Сириядан Кыргызстанда терактыларды жасоо үчүн жиберилген киши кармалды
Эскерте кетсек, Түркияда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 24-июнга белгиленген. Ага учурдагы башкаруучу Ак партиядан Тайип Эрдоган, оппозициялык маанайдагы Элдик республикалык партиясынан Мухаррем Инжи, Элдик демократия партиясынан Селахаттин Демирташ, Жакшы партиядан Мерал Акшенер, Бакыт партиясынан Темел Карамоллаоглу жана Мекен партиясынан Догу Перинчек катышууда.

Президенттик шайлоо менен парламенттик шайлоо да өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0