Кофенин ден соолукка таасирин окумуштуулар изилдеп чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековКонкурс на лучший капучино в Бишкеке
Конкурс на лучший капучино в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анткен менен илимпоздор бул канча көлөм экендигин так билдирген эмес.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кофени дайыма ичип жүрүү жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркоодон сактайт. Бул туурасында РИА Новости MedicalXpress журналына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Нашелся способ худеть, ничего не делая, заявили ученые - Sputnik Кыргызстан
Майлуу тамакты "жек көргөзгөн" азыктар. Окумуштуулардын аныктамасы
Генрих Гейне атындагы Дюссельдорф университетинин окумуштуулары кофеин жүрөктүн негизги делген клеткаларындагы p27 белогунун активдешине шарт түзөрүн айтып беришти. Бул кан тамырлардын жандануусун пайда кылып, иштешин жакшыртат.

Окумуштуулардын айтымында, киши орто эсеп менен кичинекей төрт кружка ичкенде жогоркудай натыйжа болот. Анткен менен илимпоздор бул канча көлөм экендигин так билдирген эмес.

Адистер жогорудагы зат жүрөктү кант диабети, семиздик жана жаш курак боюнча организмде өзгөрүү болгондо коргой тургандыгын айтышты.

Америкалык окумуштуулар да буга чейин кофе ичүү жүрөк ооруларынын жана инсульттун алдын алышы мүмкүн экендигин билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0