Окумуштуулар карылыкка кантип эрте моюн сунбоонун жолун табышты

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүГУСО "Шимский дом-интернат для престарелых и инвалидов"
ГУСО Шимский дом-интернат для престарелых и инвалидов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар киши улгайган сайын организмдеги TXNIP белогунун саны көбөйөбү деп текшерип көрүшкөн.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Эрте карып кетпеш үчүн TXNIP белогун "бууп" коюу керек. Мындай жыйынтыкка рак илдетин изилдей турган Гейдельберг борборунун кызматкерлери келишкенин EurekAlert порталы жазып чыкты.

Кроватьта отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адам кантип уктаганда түшү оңолору белгилүү болду
Илимий топ TXNIP белогу адамдар менен жаныбарлардын узак жашоосун көзөмөлдөй турганын аныкташкан. Анын көп санда болушу кишини эрте карыта баштайт жана активдүү кычкылтектердин балансын бузат.

Окумуштуулар киши улгайган сайын организмдеги TXNIP белогунун саны көбөйөбү деп текшерип көрүшкөн. Жыйынтыгында кары адамдарда TXNIP белогу көп бөлүнүп чыгары аныкталган. Илим адамдары буга чейин да карылыкка байланышкан бир топ гендерди табышкан. Анын ичинен TXNIP белогун бууп коюу организмдин карышын жайлатат деп ишендиришүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0