Тамакка тузду эмне үчүн аз салыш керек? Себебин билип алыңыз

Жазылуу
Окумуштуулар бир нече жыл бою 2974 адамды текшерүүгө алышкан.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Кадимки тамак-аш тузун көп жеген адамдардын өмүрү кыскараак болорун Канада жана Англия окумуштуулары иликтеп чыкты. Бул тууралуу International Journal Of Epidemiology журналына жарыяланган макалага таянып РИА Новости жазды.

Окумуштуулар бир нече жыл бою иликтөө жүргүзүп, ага жаш курагы 30дан 54 жашка чейинки 2974 адам катышкан. Алардын ар биринин заарасындагы туздун өлчөмүн маал-маалы менен текшерип турушкан.

"24 жыл ичинде 272 адам каза болду. Алардын көпчүлүгү заарасында туздун өлчөмү көп болгондор", — деп айтылат макалада.

Мындай жыйынтыктан кийин окумуштуулар мурда туздун организмде аз болушу дагы өлүмгө алып келет деген сөздөрдү жокко чыгарды.

Жаңылыктар түрмөгү
0