Реджеп Тайип Эрдогандын тарапташы

Түркиядагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсү аталды

186
(жаңыланган 17:11 25.06.2018)
Эрдоганды шайлоодо добуш бергендердин 52,5 пайызы тандаган.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Түркиянын Шайлоо кеңешинин башчысы Сади Гювен президенттик шайлоодо эң көп добушту Реджеп Тайип Эрдоган алганын жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ал эми 10 пайыздык тосмодон "Адилеттүүлүк жана өнүгүү", "Улуттук кыймыл", "Элдик-республикалык", "Жакшы"жана "Эл демократиясы" партиялары өткөн.

Алдын ала жыйынтыктарга караганда, Эрдоган — 52,5 пайыз добуш алды. Анын негизги атаандашы Мухаррем Индже — 30,7 пайыз, Селахаттин Демирташ — 8,4 пайыз, Мераль Акшенер — 7,3 пайыз, Темель Карамоллаоглу — 0,9 пайыз, Догу Перинчек — 0,2 пайыз добушка ээ болушту.

Эске салсак, кечээ, 24-июнь күнү, Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо болду.

186
Белгилер:
жеңиш, шайлоо, Режеп Тайип Эрдоган, Түркия
Тема боюнча
Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо өтүүдө