Тез чык! Коомдук ажаткананын ден соолукка зыяндуу жактары айтылды

Жазылуу
Изилдөөгө ылайык, айрым кишилер ажатканага кирип алып чылым чегип, тамак жеп же түрдүү ичкиликтерди ичишет.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Коомдук ажатканада кишинин колу тийген жана унитазды жууганда суу чачыраган жердин бардыгы ден соолукка зыян алып келе турат. Окумуштуулардын ушул багыттагы иликтөөсү Conversation илимий журналына жазылды.

Иликтөөгө ылайык, коомдук ажатканадагы раковина, самын салгыч жана даарат кагаздар турган жерде бактериялар көп. Киши ажатканада дал ушул нерселер менен колдонгондуктан көп сандагы микробдору чогулуп калат.

Всемирный день борьбы с туберкулезом в Индии - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстанда ажатканага түшкөн iPhone телефонун алам деп үч киши каза болду
Андан сырткары, эшиктин туткасын дагы ден соолукка залал бере турчу бактериялар көп байырлайт. Андыктан микробдорду жуктуруп албаш үчүн тутканы майлык же жүз аарчы менен кармоо керектигин эскертишет.

Изилдөөгө ылайык, айрым кишилер ажатканага кирип алып чылым чегип, тамак жеп же түрдүү ичкиликтерди ичишет. Өз кезегинде мындай адат туура эместигин жана андан арылуу керектиги белгиленди.

Ал эми унитаздын киши отура турган жери ден соолукка зыян алып келбейт. Анткени ичеги ооруларын козгой турчу таякчалар кишинин колу менен оозу аркылуу жугат. Окумуштуулар ажатканага кирип жеңилдегенден кийин дароо чыгуу керектигин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0