Египеттин футбол баяндамачысы командасы утулган соң жүрөгү кармап көз жумду

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЕгипет футбол оюнчулары
Египет футбол оюнчулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Египет футболчулары тайпа ичинде беттешкен үч командадан тең утулуп калган.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Египеттик футбол баяндамасычы Абдрахим Мухаммед Негм өз өлкөсүнүн курама комадасы менен Сауд Аравиянын мелдешин баяндап жаткан жеринен көз жумду. Бул тууралуу Arab News басылмасы жазды.

Дарыгерлер анын жүрөгү токтоп калганын айтышкан. Абдрахим Мухаммед Негм мурда өзү дагы футбол ойноп, кийин машыктыруучу болуп иштеген.

"Арабдар египеттиктердин дарбазасына чечүүчү топту 94-мүнөттө киргизсе, ошондон бир мүнөт өтүп-өтпөй эле баяндамачынын жүрөгү кармаган", — деп жазылат маалыматта.

Жергиликтүү ЖМКлардын бири өзүнүн Тwitter тармагындагы баракчасына Негмдин сүрөтүн жарыялап, жакындарына көңүл айтты.

​Эске салсак, Египеттин футболчулары Сауд Аравиясына 1:2 эсебинде утулуп калган. Эки гол тең таймдардын кошумча мүнөттөрүндө кирип кеткен.

Негизи А тайпасындагы египеттиктер Россия, Уругвай жана Сауд Аравиясынын курама командалары менен беттешип, үчөөнөн тең жеңилип, өз тобунда эң акыркы орунду алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0