Ит. Архивдик сүрөт

Баладан качсаң, ит бак! Россияда алиментчилерге жазанын жаңы түрү табылды

152
(жаңыланган 10:17 02.07.2018)
Ит баккандардын көбү өзгөрүп, жоопкерчилиги артканын байкалганын айтышкан.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Иркутск облусунун соту алимент төлөбөгөндөрдү кароосуз калган иттерди баксын деген чечим чыгарды. Бул кара жумуштарды аткаруу менен барабар экендигин РИА Новости жазып чыкты.

Иркутскиде "качаанак аталар" эми иттер кармалган капасты жууп-тазалап, аларга тамак берип жана эшикке чыгарып сейилдетүү жумуштарын жасай башташты.

"Мунун жыйынтыгы жакшы болуп жатат. Ит баккандардын көбү өзгөрүп, жоопкерчилиги артканын байкоого болот", — деп айтып берген Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматтын аймактык өкүлү.

Ведомствонун маалыматына караганда, Иркутск облусунда алимент төлөбөгөндүгү үчүн 382 адам жоопко тартылган.

Кара жумушка кесилгендер жаныбарларды баккандан сырткары жол жана жашылдандыруу иштерин аткарат.

Кыргызстанда алимент төлөбөө маселесин да курч турат. Бир нече ай мурда алимент төлөбөй жүргөндөрдүн аты-жөнүн интернетке жарыялоо сунушу киргизилген.

152
Белгилер:
ит, сот, алименты, Иркутск, Россия
Тема боюнча
Алименттен качкандардын аты-жөнү интернетке жарыяланат. Жаңы мыйзам долбоору
Майып балдардын ата-энелери кийим тиккен алты машинаны белекке алышты
Норканын терилери. Архив

Израиль биринчилерден болуп аң тери буюмдарын сатууга тыюу салды

3
(жаңыланган 11:14 13.06.2021)
Мыйзам бузгандарга 75 миң шекель (23 миң доллардай) өлчөмүндө айып пул салынат же бир жылга чейин эркинен ажыратылмакчы.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Израиль биринчилерден болуп аң тери буюмдарын сатууга тыюу салды. Бул тууралуу National Geographic жазды.

Жапайы жаныбарларды коргоо жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сурамжылоого катышкандардын 86 пайызы колдогон. Ал 2021-жылдын декабрь айында күчүнө кирет. Тиешелүү документке өлкөнүн айлана-чөйрөнү коргоо министри Гила Гимлиэль кол койгон.

Израилде мындан ары аң терилеринен тигилген кийимдер менен алардан жасалган буюмдарды өндүрүүгө жана сатууга лицензия берилбей турганы айтылат. Мыйзам бузгандарга 75 миң шекель (23 миң доллардай) өлчөмүндө айып пул салынат же бир жылга чейин эркинен ажыратылат.

Бирок мыйзамда бир нерсеге уруксат берилген: аң терилери илим-изилдөө иштеринде жана диний жөрөлгөлөрдө колдонулат. Бул хасид жамааттары (штраймл) кара териден тигилген баш кийим кийгендери менен байланыштуу.

Дүйнөлүк уюмдар бул кадамды "тарыхый жеңиш" деп атаган.

3
Белгилер:
мыйзам, тыюу салуу, сатуу, тери, жаныбарлар, Израиль
Тема боюнча
Кочкордогу фотокапканга түшкөн жаныбарлардын жаңы сүрөттөрү
Кыз талиясын ченеп жатат. Иллюстративдик сүрөт

Дарыгер диетасыз, залга барбай эле арыктоонун жолун айтты

48
Адистин айтымында, арыктайм деген адам биринчи кезекте тамакты бөлүп жегенди үйрөнүшү зарыл. Мисалы, күнүнө аз-аздан беш маал тамактанышы шарт.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Диетолог Тамила Арсеньева тез жана ден соолукка зыян келтирбей, диетасы жок, машыгуу залына барып оор көнүгүү жасабай эле арыктоонун сырлары менен бөлүшкөнүн РИА Новости жазды.

Адистин айтымында, арыктайм деген адам биринчи кезекте тамакты бөлүп жегенди үйрөнүшү зарыл. Мисалы, күнүнө аз-аздан беш маал тамактанышы шарт. Рациондо сөзсүз түрдө курамында клетчаткасы көп азыктардын болушу керек. Анткени клетчатка ичегинин иштөөсүн жакшыртып, адамды ток алып жүрөт.

Организмге белокко бай азыктар, жалбырактуу жашылча, чөп-чар, мөмө-жемиштер да керек.

Диетолог кумшекерди, кофе, газдалган суусундук жана ичимдикти азайтуу керектигин да белгилеген.

"Жок дегенде ушуларды тизмеден чийип салсаңар бир айда беш килограммга чейин салмак таштоого болот. Арыктоону каалагандар суу ичкенди да билиши керек. Таттуу суусундук тууралуу айтканым жок. Кадимки сууну басып-туруп ичсе, ал зат алмашууну 20 пайызга чейин ылдамдатат", — деди адис.

Арсеньева зат алмашууну ылдамдатууга спорт да жакшы жардамчы экенин айтып, ага кыймылдын бардык түрү, ал тургай жөө басуу да кирерин белгилеген.

Адис стресстен оолак болууну эскертип, кыйын учурда кызыктуу ишке алаксып кетүүнү сунуштаган. Мисалы, фитнес, йога же китеп окуп алаксып, достор менен баарлашууга кеңеш берген.

48
Белгилер:
рацион, тамак, машыгуу, диета, арыктоо, диетолог
Тема боюнча
Дарыгер: майы жок азык менен арыктоо тукумсуздукка алып келиши мүмкүн
Диетолог жумуртканы эртең мененки тамакка колдонбой эле коюуга чакырды