Аялынын сакалын көрүп, үнүн уккан индиялык жигиттин арызын сот карабай койду

© AFP / SAM PANTHAKYИндиядагы үлпөт тойу. Архив
Индиядагы үлпөт тойу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Киши келинчегинин жүзүн үйлөнгөнгө чейин көргөн эмес.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Индиялык эркек үйлөнүү үлпөттөн кийин бир жумадан соң ажырашуу тууралуу арыз бергенин Times of India басылмасы жазды.

Ага ылайык, күйөөсү аялына сакал чыгарын жана үнүнүн жоон экенин байкаган.

Арыз жазган киши аялынын жүзүн үйлөнгөнгө чейин жана той учурунда да көрбөгөнүн айткан. Анткени анын бети дупатта (атайын моюн орогуч) менен жабылып жүргөн. Кыздын туугандары да анын бетин ачып кароого каршы болгон.

"Аялымды биринчи жолу көргөндө бетинде макияж бар экен. Бир жумадай жашап, башка шаарга иштегени кеткем. Келсем аялыма сакал чыгып калыптыр. Анан калса үнү эркектикиндей экен", — деген киши.

Ал бул тууралуу аялынын туугандарына айтканда алар башка чара жок экендигин, кандай болгон күндө да жашашы керектигин айтышкан. Пикир келишпестиктен улам бул иш полицияга чейин жеткен.

Кыздын адвокаттары барган жерин келинге психологиялык жактан басым кылып жатат деп айыптаган.

Сот эки тарапты тең уккандан кийин мындай жүйө ажырашууга негиз болбой турганын айтып, арызды кароодон баш тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0