Окумуштуулар кандай идиштер рак оорусун чакырарын аныкташты

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүСковродка. Архив
Сковродка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зыяндуу зат суу менен отко туруштук берген материалдарда дагы камтылат.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Түбүнө тартпаган идиштердеги заттар адамдын организмине киргенде рак оорусун чакырат. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы Вашингтондогу Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин докладына шилтеме берүү менен жазды.

Конкурс на лучший капучино в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кофенин ден соолукка таасирин окумуштуулар изилдеп чыкты
Изилдөөгө ылайык, тамакты күйгүзбөй турчу зат менен капталган казан-мискейлерди колдонгон адамдар перфтороктан кислотасынын терс таасирине дуушар болот. Бул зат суу менен отко туруштук берген материалдарда дагы камтылат.

Маалыматта перфтороктан кислотанын бөлүкчөлөрүндө уулуу заттар бар экени белгиленет. Ал эгер организмге кирсе рактын өрчүшүн камсыздап, холестериндин деңгээлин көтөрөт. Ошондой эле иммундук системанын функциясы бузулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0