Канадада 24 аялы жана 149 баласы бар киши жазага тартылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЕсли б я был султан: стоит ли узаконивать многоженство в КР?
Если б я был султан: стоит ли узаконивать многоженство в КР? - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
61 жаштагы киши көп аял алганына өкүнбөй турганын айткан.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Канаданын Британ Колумбиясы провинциясынын Жогорку соту 24 аял менен никеге турганы үчүн 61 жаштагы Уинстон Блэкморду шарттуу эркинен ажыратты. Бул тууралуу "Известия" гезити Daily Mail басылмасына таянып жазып чыкты.

Маалыматта Блэкмор алты айга үй камагында болору жазылган. Ал жумушка жана дарыгерлерге гана бара алат. Эркек киши мормонизмге тиешеси бар диний топтун өкүлү болгон.

"Ал бир да өкүм аны ишениминен баш тарттыра албай турганын белгиледи", — деди ишти карап жаткан сот.

Блэкмор 149 баланын атасы болуп чыккан. 61 жаштагы эркек көп аял алганына өкүнбөй турганын айткан. Айрым жубайларынын жашы 15ке да толо элек экени аныкталды.

Баса, Кыргызстанда көп аялдуулук боюнча жоопкерчиликке тартуу мүмкүн эмес экенин юристтер белгилешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0