АКШ: атышуудан редакциянын төрт кишиси каза тапты

© REUTERS / Joshua RobertsСтрельба в редакции газеты Capital Gazette в штате Мэриленд
Стрельба в редакции газеты Capital Gazette в штате Мэриленд - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Телеканал бир нече адам ок жеп каза болгондугун жана шектүү адам кармалгандыгын билдирген.

БИШКЕК, 29-июн. – Sputnik. АКШнын Мэриленд штатында жайгашкан Capital Gazette басылмасынын редакциясында атышуу болуп, кеминде төрт киши каза тапты. Бул туурасында РИА Новости CBS телеканалына таянып кабарлады.

Андан сырткары, Fox News телеканалы полицияга шилтеме кылып, бир нече адам ок жеп каза болгонун жана шектүү адам кармалгандыгын билдирген.

"Куралданган киши айнек эшикти чачырата атты да, кирип келип эле бир топ кишини көздөй ок жаадырды. Элди канга бөлөп улам аткылап жана куралды кайра-кайра октоп жатканды уккандан жаман нерсе жок экен", — деп жазган гезиттин кызматкери Фил Дэвис Twitter баракчасына.

Ак үйдүн өкүлү Линдси Уолтерс журналисттерге кандуу окуядан АКШ президенти Дональд Трамптын кабары бар экендигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0