Мекенине кайткан Түштүк Кореянын футболчуларына жумуртка ыргытылды. Видео

© AFP / Ed JONESСборная Южной Кореи по футболу
Сборная Южной Кореи по футболу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк Кореянын айрым тургундары футболчуларына нааразы болсо, мексикалык күйөрмандар аларга плей-офф оюндарына чыгууга мүмкүнчүлүк бергени үчүн ыраазычылыгын билдирүүдө.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Футбол боюнча дүйнө чемпионатынан кайтып келген Түштүк Кореянын курама командасынын оюнчуларына жумуртка ыргытылды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазды.

Окуя жума күнү Инчхон аэропортунда футболчуларды тосуп алуу аземинде болгон. Салтанат учурунда белгисиз бирөөлөр оюнчуларды көздөй жумуртка ыргытып, ал чабуулчу Сон Хын Минге тийген. Андан эч ким деле олуттуу жаракат алган эмес.

Түштүк Кореянын курама командасы өз тайпасында үчүнчү болуп, 1/8 оюндарына чыга албай калган. алар Швеция (0:1) менен Мексикага (1:2) утулган. Бирок тайпалык акыркы беттеште Германияны 2:0 эсебинде утуп алган. Түштүк Кореялыктардын жеңиши Мексиканын курама командасынын плей-офф оюндарына чыгуусуна жардам берген.

Кубанычы койнуна батпаган мексикалык күйөрмандар түштүк кореялык күйөрмандарды колуна көтөрүп алып сүйүнүшкөн.

​Ал эми Мексиканын өзүндөгү күйөрмандар Түштүк Кореянын элчилигинин алдына барып, элчиге текила куюп берип сыйлашкан.

​Андан сырткары, Мексиканын курама командасына демөөрчүлүк кылган сыра чыгарган компания Түштүк Кореянын Вашингтондогу элчилигинин алдына бир нече ящик сыра таштап кеткен.

​Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын плей-офф оюндары 30-июндан башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0