Окумуштуулар диабет оорусу кандай болгондо өрчүп кетерин айтышты

© AFP / NOAH SEELAMМедсестра берет пробу крови у больного сахарным диабетом
Медсестра берет пробу крови у больного сахарным диабетом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы маалыматтар боюнча дүйнө жүзүндө учурда 420 миллион киши диабет оорусу менен жабыркайт.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Дүйнө жүзүндө диабет оорусунан жабыркагандардын саны көбөйүп жатышы бир гана семирүүдөн эмес, абанын булганып жатышынан да улам болушу мүмкүндүгү Lancet Planetary Health First журналына жарыяланган макалада айтылат.

Конкурс на лучший капучино в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кофенин ден соолукка таасирин окумуштуулар изилдеп чыкты
Окумуштуулар абасы кир болгон чоң шаарларда диабет оорусу менен жабыркагандар улам көбөйүп жатканын белгилешет. Киши үчүн коркунучтуу эмес деп Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму белгилеген абанын кири боюнча норманын минималдык көрсөткүчүндө да диабет оорусу өрчүгөнү байкалган. Андыктан бул нормаларды өзгөртүү учурдун талабы экени макалада айтылат.

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнө боюнча учурда 420 миллион киши диабет оорусунан жабыркайт. Бул көрсөткүч АКШда 30 миллион болсо, Россияда 13 миллиондой.

Ал ортодо Кытайдын окумуштуулары диабет оорусу өмүрдүн узактыгына кандай таасир берерин изилдеп, бул дарт менен жабыркагандар 10 жылдай кыска жашай турганын аныкташкан. Америкада болсо каза болгондордун 12 пайызы диабет менен оорушарын адистер эсептеп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0