Бразилиянын курама командасынын оюнчусу Неймар. Архив

Футболист Неймардай тоголонгон чычкан интернет колдонуучуларын күлкүгө салды

696
(жаңыланган 09:20 04.07.2018)
Жылмаюу тартуулаган видеону бир нече күндүн ичинде эле 2,4 миллиондон ашык жолу көрүшкөн.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Социалдык тармакта мышыктын алдында жаткан чычкан жерге тоголонгон бойдон качып кеткен видеосу колдонуучуларды кыраан күлкүгө салды.

​Интернет колдонуучулар чыкандын "кылыгын" Бразилиянын курама командасынын оюнчусу Неймарга салыштырууда. Күйөрмандардын айтымында, Неймар акыркы оюнда кудум ушул чычкандай жерге тоголонгон.

"Бул Неймар, коргоочу ага жакын келип дем алганда ушунтип учуп кеткен", — деп жазат күйөрмандардын бири.

​Эске салсак, өткөн аптада Бразилиянын курама командасы Мексиканы 2:0 эсебинде утуп, чейрек финалга чыккан болчу.

696
Белгилер:
видео, чычкан, социалдык тармак, интернет, Неймар да Сильва
Тема боюнча
Бразилиянын футбол командасы чейрек финалга чыкты
Биологдор чычканга кишинин мээсинин кичирээк бөлүгүн салып сынашты