АКШда 92 жаштагы кемпир "карылар үйүнө көч" деген уулун атып салды

© AFP / ALAIN JOCARD Французская гражданка Мари-Тереза ​​Бардет
Французская гражданка Мари-Тереза ​​Бардет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кемпирге адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 5-июл. – Sputnik. АКШда 92 жаштагы кемпир аны карыялар үйүнө жиберем деген баласын атып өлтүрдү. Бул тууралуу BBC жазып чыкты.

Мэй Блессинг баласын өлтүргөндөн кийин өзүнө дагы кол салууну пландаганын билдирген. 

Окуя 2-июль күнү Хаунтин-Хиллс шаарында болгон. Кемпирдин 72 жаштагы баласы апасы менен чогуу жашоо кыйын болуп жатканын айтып, андан карыялар үйүнө көчүшүн суранып жүргөн. 

"Блессинг чөнтөгүнө эки тапанчаны катып уулунун бөлмөсүнө баш баккан. Пикир келишпестиктен улам чуу жаралганда кемпир 1970-жылдары сатылып алынган тапанчасы менен баласын атып салган. Аны менен кошо жашаган 57 жаштагы аялга да тапанчасын такаганда колунан жулуп ыргытып, полицияга кабарлоого жетишкен", — деп айтылат маалыматта.  

Кемпирге адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0