Элжиреткен экөө. Африкадагы жетелешкен пингвиндердин видеосу

© Sputnik / Александр Ковалев / Медиабанкка өтүүПингвиндер. Архив
Пингвиндер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пингвиндердин адаттан тыш видеосун интернетте 2 миллиондон ашуун адам көргөн.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Жетелешип, кумдуу жээкте басып жүргөн пингвиндердин интернетке жарыяланган видеосу көптөрдүн жүрөгүн элжиретти.

Twitter баракчасындагы видеодо жүргөн эки жаныбарды көргөндөргө бири-бирине арзыган жуптар элестеши мүмкүн.

​Видеонун автору каармандарды аны жакын тууганы Түштүк Африкадан тартып алгандыгын жазган.

Пингвиндердин адаттан тыш видеосун интернетте 2 миллиондон ашуун адам көрүп, 45 миң адам бөлүшкөн.

"Моя планета" сайты пингвиндердин Африкада жүрүшү көптөрдү таңгалдырганын жазды. Ага видеонун алдына жылуу климатты жактырган африкалык пингвиндер бар деген жооптор жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0