Окумуштуулар баш көтөрбөй иштеген аялдар кант диабетине көп чалдыгарын айтты

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖумуш ордундагы аял. Архив
Жумуш ордундагы аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узакка созулган жумуш күнү жана ага үй иштеринин кошулушу аялдардын организмин стресске кабылтып, гармондордун бузулушуна алып келет.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Жумасына 45 сааттан көп иштеген аялдарда диабет оорусуна чалдыгуу коркунучу 60 пайызга жогору экенин канадалык окумуштуулар аныктады. Бул тууралуу Science Daily порталы жазды.

Изилдөөчүлөр 12 жыл (2003-2005-жж) бою канадалык 35тен 74 жашка чейинки 7065 аял жана эркектин ден соолугун көзөмөлгө алган.

Главная героиня фильма В ауте Соня Шаталова - Sputnik Кыргызстан
Эмне үчүн эркектер шизофренияга аялдарга караганда көбүрөөк кабылат
Иш саатынын көлөмү бирдей болгон катышуучулар төрт топко бөлүнгөн: биринчи топ жумасына 15тен 43 саатка чейин иштеген, экинчилери 34-40 саат, үчүнчүлөрү 41-44 саат, ал эми төртүнчүлөрү 45 саат жана андан көп иштеген.

Жыйынтыгында, жумасына 45 саат жана андан көп иштеген аялдар башкаларга салыштырмалуу кант диабети менен 63 пайызга көбүрөөк жабыркай турганы аныкталган. Ал эми тамеки чегүү, физикалык активдүүлүк же дененин салмагынын көрсөткүчү сыяктуу башка нерселер өтө деле чоң ролду ойногон эмес.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, узакка созулган жумуш күнү жана ага үй иштеринин кошулушу аялдардын организмин стресске кабылтып, гармондордун бузулушуна алып келет.

Окумуштуулар эркектерге жумасына 47 сааттан көп эмес, ал эми үй жумуштарын да кылган аялдарга 34 сааттан көп эмес иштөөнү сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0