ЖМК: Роналду "Ювентус" клубуна өтүүгө макул болду

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүү"Реал Мадрид" клубу менен Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду. Архив
Реал Мадрид клубу менен Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча футболчу жаңы команда менен күйөрмандарга ушул жумада тааныштырылат.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. "Реал Мадрид" клубу менен Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду Италиянын "Ювентус" клубуна өтүүгө макул болгонун РИА Новости агенттиги Испаниянын As басылмасына таянуу менен жазды.

Алдын ала маалымат боюнча футболчу жаңы команда менен күйөрмандарга ушул жумада тааныштырылат.

Уругвайлык футболчу машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Футбол-2018: жарым финалга чыкчулар аныкталат. Беттештердин тизмеси
Буга чейин айрым ЖМКлар "Ювентус" Роналдуну жайкы трансферде өзүнө алууга камынып жатканын жазышкан.

As басылмасынын жазышынча, Роналду макулдугун бергенден кийин "Реал Мадриддин" жетекчилиги футболчунун агенти Жорж Мендеш менен жолуккан. Эми трансфер ишке ашыш үчүн Испания менен Италиянын клубдарынын ортосунда макулдашуу болушу керек. Роналдунун бир жылдык айлыгы 30 миллион еврону түзөрү айтылууда.

Эске салсак, Роналду 2009-жылы "Манчестер Юнайтед" клубунан "Реалга" өткөн. Трансфердин баасы 93,4 миллион еврону түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0