Тил албаган балдарга карата айтылбай турчу сөздөрдүн тизмеси түзүлдү

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүБлаготворительная программа "Поезд надежды" во Владивостоке
Благотворительная программа Поезд надежды во Владивостоке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ата-энелер үчүн колдонмону Британиялык окумуштуулар иштеп чыккан.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Британиялык психотерапевтер Хизер Турджеон менен Жули Райт балдарды тарбиялоодо ата-энелер үчүн атайын колдонмо чыгарганын The Independent басылмасы жазып чыкты.

Адистер өз эмгегинде тил укпай жаткан балдарга карата айтылбай турган айрым сөздөрдү тизмектешкен. Анткени бул сөздөрдү уккан бала ого бетер чалкасынан кетиши мүмкүн.

— Мындай кылба деп канча айтам?
— Тажаттың!
— Эмнеге укпай жатасың?
— Кичинекей баладай болуп ыйлаба!
— Мен ушундай деп айттым!
— Эгер алдыгыны тезинен өчүрбөсөң эч кандай момпосуй бербейм.

Андыктан адистер кичинекей балдар менен сүйлөшүүдө этият болуп, корсулдап урушпаш керектигин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0