Путин Россиянын Хорватияга утулуп калганын кандай кабыл алды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүФутбол. ЧМ-2018. Матч Россия - Хорватия
Футбол. ЧМ-2018. Матч Россия - Хорватия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы ишемби күнү улуттук команданын машыктыруучусу менен эки жолу сүйлөшкөн.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Футбол боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Станислав Черчесов менен оюнчуларын дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыгын чыгаруу иш-чарасына чакырды. Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун билдирүүсүн Р-Спорт каналы жарыялады.

Эске салсак, ишемби күнү кечинде жарым финалда Россия курама командасы Хорватиядан пенальтинин натыйжасы менен 4:3 эсебинде утулуп, хорваттар дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыгышкан.

Песковдун айтымында, өлкө башчы ишемби күнү улуттук команданын машыктыруучусу менен эки жолу сүйлөшкөн.

"Путин Черчесовго оюн башталганга чейин чалып ийгилик каалаган. Мелдеш аяктаган соң кайра чалып Хорватия менен болгон тарыхый мелдеште футболчулар татыктуу оюн көрсөткөнүн баса белгилеген", — деди Песков.

Президент башкы машыктыруучу менен курама команданын оюнчуларын Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгын чыгаруу иш-чарасына чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0