Карылыктын дарысы табылды, бирок анын адамга жарар-жарабасы белгисиз

© AFP / FRANCK FIFEПенсия в Франции
Пенсия в Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы каражат азырынча чычкандардын гана организминде сыналды.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. АКШлык биологдор организмдеги карып бара жаткан клеткаларды жок кылуучу каражатты ойлоп табышканын Nature Medicine журналына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Бирок окумуштуулар жаңы каражатты азырынча чычкандардын гана организминде сынап көрүштү.

"Бул дары адам баласы ойлоп тапкан керемет нерсе болушу мүмкүн. Анткени организмдин жаштыгын ондогон жылдарга узартууга болот", — деди АКШдагы Карылыкты изилдөө улуттук институтунун кызматкери Фелипе Сьерра.

Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар рактан тез сакайта турган диетаны аташты
Окумуштуулар карып бара жаткан чычкандарга эки каражатты куюп көрүшкөн. Алардын бири кан рагын дарылоодо колдонулган дасатиниб каражаты болсо, экинчиси — кадимки пиязды ачуу кылып турган өсүмдүк компоненти.

"Биринчиси эскирип бара жаткан клеткаларды өлтүрүп, экинчиси алардын ордун тазалап коерун көрдүк. Бир нече айдан кийин чычкандар кадимкидей активдүү болуп, булчуңдарында күч пайда боло баштаган", — деди Сьерра.

Анын айтымында, эгер бул каражаттар адамдын организмине дагы оң таасирин бере турганы аныкталса, ал медицинада колдонула баштайт жана баасы да жеткиликтүү болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0