БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Азербайжандын батышындагы Гянджа шаарында 10-июлдагы баш аламандыкта эки полиция каза болуп, 40тай киши кармалды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди. Бул аймакта буга чейин шаар башчысына куралдуу кол салуу болгон.
Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар мыйзамсыз митингге чыккандарды полиция басып, 30дай киши кармалып, эки полиция жаракат алганын жазышкан. Каршылык акциясына чыккандар мэрге кол салды деп кармалган Элмар Велиевди колдоп чыгышкан.
Башкы прокуратура бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, митингге чыккандар менен уюштургандар жоопко тартыларын айтты.