БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. 30 жылдан бери Сауд ханзадасымын деп башкаларды алдап жүргөн америкалык Энтони Жиньяк чочконун этинен улам "капканга түшкөн". Бул туурасында "Известия" басылмасына шилтеме кылып кабарлады.
Колумбияда туулган Жиньякты америкалыктар багып алып, АКШда чоңойгон.
Ханзадамын деп алдаган Жиньяк 2008-жылы мейманкана менен бир нече компанияны 10 миң долларга чукул суммага сызга отургузуп кеткен. Бирок ал үчүн жазасын алгандыгы айтылат.
Ал мыйзамдын капканына түшкөнүнө карабай, шаан-шөкөт менен жашаган. Майамиде батири жана бир нече кымбат автоунаалары бар экендиги маалымдалган.
Жиньяктын бети 2017-жылы ачылган. Ал америкалык девелопер Жеффри Саффер менен келишим түзүп, анын курортуна 400 миллион доллар "сала тургандыгын" айткан.Берки киши ага ишенип, конокко чакырган. Жасалма ханзада дипломаттык номер тагылган жаңы Ferrari менен келген. Августта Саффер Жиньяктын пентхаусунда конок болгондо, ал Дубайдын банкынын 600 миллион долларлык кепилдик берген жасалма кагазын көрсөткөн.
Алар кийинчерээк Аспен шаарындагы сүйлөшүүлөр учурунда жолугуп, девелопер баягы инвестору мусулмандар жаа бою качкан чочконун этин жеп жатканын көрүп калган. Саффер коопсуздук кызматын инвестор болом деп жаткан кишини текшерип көрүүгө тапшырма берип, алар жалганчы экенин аялдабай эле аныктап чыккан.
2017-жылдын ноябрында башка ысым менен жүргөндө аны аэропорттон кармашкан. Анын Майамидеги батиринен ар кандай аты-жөндөгү кишилерге жасалган визиткалары, дипломатиялык жасалма номерлер, кредиттик карттар, королдук бүлөнүн мүчөлөрүнө жазылган финансы документтери табылган. 2018-жылдын май айында алдамчы кылганынын бардыгын мойнуна алган. Басылма ага өкүм август айында чыгарын жазды.
Бул машина 600 килограммдык жүк көтөрүүгө ылайыкталып, ичине алты адам батат. Муну жүзөгө ашыруу иштерин Россия Илимдер академиясынын Сибирдеги бөлүмүнүн Теплофизиктер институту аткарары айтылды.
Биринчи этапта машинанын алдын ала долбоору даярдалган. Ошондой эле диаметри 1,5 метрлик циклдүү кыймылдаткычын жерден сынап көрүшкөн. "Циклокардын" жалпы көлөмү (узун-туурасы) 6,2 жана 6 метрди түзөт, саатына 250 чакырымга чейинки ылдамдыкта жүрөт. Ал эми тыным албай 500 чакырымга чейин жетсе болору белгиленген.Аэромобиль тик учакка салыштырмалуу чакан эмес, ал имараттардын четине токтоп ичиндеги адамдарды түшүрүүгө да ылайыкташкан.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Кытайда төөлөр үчүн өзгөчө жол чырак орнотулганын China News басылмасына таянып Sputnik Өзбекстан кабарлады.
World's first traffic light for camels debuted at the scenic spot of Mingsha Mountain and Crescent Spring in China's Gansu on Sunday.
— China News 中国新闻网 (@Echinanews) April 12, 2021
When the traffic signal turns green, camels can cross the road, while tourists cross when the signal turns red, greatly ensuring traffic safety. pic.twitter.com/JZ7VkLDMQx
Маалыматка ылайык, жабдуу туристтер көп барган Дуньхуан шаарына орнотулган.
"Чет элдик саякатчылар Минша тоосуна, Могао чөлүндөгү храмдарга, Юмэнь жана Янгуань ашууларына көп барат. Бирок ал жакта төөлөр да арбын. Мындан улам эки жак бири-бирине тоскоолдук жаратпаш үчүн жол чырак коюлган", — деп жазылат билдирмеде.
Жергиликтүү бийлик белгилегендей, жол чырак кыймылдын коопсуздугун камсыз кылат жана дүйнөдө мындай жабдуулар азырынча жок.
Жол чыракта төөнүн сүрөтү жашыл болуп күйгөндө төөлөр өтөт, бул учурда туристтер токтоп турушу шарт. Төөнүн сүрөтү кызыл болгондо жаныбарлар токтоп, элди өткөрө турганы айтылды.