Суу ташкыны Японияда 176 кишини өмүрүн алды

© REUTERS / KYODOПоследствия обильных ливней в Японии
Последствия обильных ливней в Японии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда 255 миң турак үй суусуз калган. 35 градуска жеткен ысык азыркы кырсыкка кошул-ташыл көйгөй болууда.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Япония өкмөтүнүн маалыматына караганда өлкөнүн түштүк-батыш жагындагы суу ташкынынан улам 176 киши каза болсо, дагы үчөөнүн абалы оор бойдон болууда. Тогуз жаран дайынсыз деп издөө салынды. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

"Ушул сааттарга алынган маалыматтарга таянсак, 176 адам көз жумду. Жүрөгү токтоп, өпкөсү жабыркаган үч адам оор абалда жатат. Тогуз адамды издеп жатабыз. Кырсык болгондорго жардам кылуу үчүн аймакка 75 миң адам тартылган. Абада 83 тик учак иштеп жатат", — деп билдирген япон өкмөтүнүн башкы катчысы Ёсихидэ Суга маалымат жыйында.

Аба ырайынын божомолуна караганда, аталган аймактарда кыска добулдар болууда. Жамгыр жаабаса да жашоочулар өтө сак болуп жүрүшү зарыл, себеби жер көчкү кооптуулугу бар деп кошумчалаган ал.

Землетрясения в префектуре Осака на западе Японии - Sputnik Кыргызстан
Японияда күчтүү жер титирөө катталды. Жүрөк үшүн алган видео
Ал арада NHK телеканалы 162 адам каза болгондугун, дагы 56 кишинин кайда экендиги белгисиз болуп жаткандыгын айтты.

Табигый кырсыгы болгон аймактарда дүкөндөрдүн баары жабык турат. Эвакуация жайларында гуманитардык жардам көрсөтүлүүдө. Андан сырткары, бийлик ыктыярчылардын жардамынан баш тартпай тургандыгын айткан. Учурда 255 миң турак үй суусуз калган. 35 градуска жеткен ысык азыркы кырсыкка кошул-ташыл көйгөй болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0