Бала зордуктагандарды кантиш керек? Дүйнө өлкөлөрүнүн колдонгон жазасы

© AFP / SAJJAD HUSSAINСлучаи педофилии в индийском городе Нью-Дели
Случаи педофилии в индийском городе Нью-Дели - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Педофилдер Европага караганда Африка өлкөлөрүндө, Ирак менен Иранда, Кытай менен Сауд Аравиясында катаал жазаланат.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бүгүн Сокулук айылындагы базарда 10 жаштагы кыз зордукталганын Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Случаи нападения на людей - Sputnik Кыргызстан
Шымкент: балага кол салган педофил интернетке чыккан видеодон улам кармалды
Тартип сакчыларынын билдиришинче, издөө иштерине Чүй облустук жана Сокулук районунун тажрыйбалуу кызматкерлери тартылган.

Укук коргоо органдарындагы жеке булактын Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымдашынча, борбордук базардын жанында кийими жарым-жартылай чечилип, ыйлап отурган кызды ал жактан өтүп бараткан аял байкап калган.

Мындан улам Sputnik педофилдерге дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндө кандай жаза каралгандыгы туурасында материал даярдады.

Химиялык бычуулардын жактагандар жана ага каршы чыккандар туурасында

Химиялык бычуу туурасында Кыргызстанда бир топ убакыт талкуу болуп, балдарга сексуалдык кордук көрсөткөндөрдү өлүм жазасына тартуу боюнча сунушту колдогон 11 миңден ашык кишинин колу коюлган документ 2016-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарына тапшырылган.

Буга чейин педофилдерди химиялык жол менен бычуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыккан, бирок 2013-жылы аны президент колдоого алган эмес. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев бул мыйзамды аткаруу үчүн бюджетте каражат жок экендигин жүйө келтирген.

Исправительная колония № 19 для пожизненно лишенных свободы - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө 12 жашар кызды зордуктаган киши өмүр бою эркинен ажыратылды
Ал эми коңшу Казакстанда 2018-жылдан тарта педофилдерди химиялык бычууга уруксат берген норма ишке киргизилген. Анда күнөөкөр адамдардын организмине кайсы бир убакытка чейин делебени козгобой турчу дарылар сайылат. Мындай аракет жашы жете элек балдардын зордук-зомбулукка кабылуусунун алдын алуу максатында жасала тургандыгын айтышты.

Химиялык бычуу — бул эркектин тестостерон гормонун азайтуучу атайын каражатты колдонуу. Ал биринчи жолу 1944-жылы колдонулган.

Анткен менен адистер химиялык жол менен эркекти түбөлүккө эркектик касиетинен ажыратып салуу мүмкүн эместигин айтышат. Ал үчүн адамга өмүр бою дары берип туруш керек. Эгерде дарыны токтотуп койсо, үч айдан кийин организм тестостеронду иштеп чыга баштайт. Бул дарыны берүүнүн минималдуу убактысы — 18 ай. Таблетка түрүндө болсо күн сайын, укол болсо жумасына бир ирет алат.

АКШда педофилдер кантип жазаланат

Казакстандын соту педофилдерге каршы күрөшүү ыкмасын тандоодо АКШнын толеранттуу ыкмасына гана таянган. Анткени химиялык жол менен бычуу ыкмасы дал ошол жактан келген. АКШда бул жаза биринчи жолу 1980-жылдары колдонулуп, айыпталуучулар көп убакытка кесилип кетпөө үчүн ага ыктыярдуу түрдө барышкан. Ал эми мыкаачылык менен кылмыш жасап, дүйнөгө дүң болгон кылмышкерлер милдеттүү түрдө химиялык жол менен бычылган.

90-жылдардын башында кырдаал түп тамырынан бери өзгөргөн. Эки жаш кызды зордуктаган Жесси Тиммендекас химиялык жол менен бычылгандан кийин кайтадан "ууга" чыккан. Ал коңшу үйдө жашаган жети жашар Меган Канканы зөөкүрлүк менен зордуктап өлтүргөн.

Центр здоровья Altagracia в Манагуа - Sputnik Кыргызстан
Чымчыктар ай!... Жакыны сабап, бычактап, кордогон бөбөктөр. Жүрөк титиреткен 7 окуя
Мунун себебин билүү үчүн америкалык адистер бир катар изилдөөлөрдү жүргүзгөн. 33 жаштагы кылмышкердин курамында эркектердин гормону бар дарыны ичип жүргөнү аныкталган. Бул ыкма анын кайтадан бел кубатын топтоп, кылмышка барууга түрткөн. Ошентип АКШда "Меган мыйзамы" пайда болгон.

АКШ бийлиги эгер педофилди дарылоо мүмкүн эмес болсо, ал абактан чыккандан кийин тыкыр көзөмөлгө алууну чечкен. Көзөмөлгө алынган мындай киши тескөө органдарына өзү тууралуу бардык маалыматтарды, керек болсо иштеген жана жашаган жерин алмаштырганга чейин билдирип турушу кажет. Ошол эле учурда полиция "көзөмөлдөгү" кишинин коңшуларын да абайлап жүрүшүн эскертет. "Сактансаң сактайм" дегендей, каалагандар интернет аркылуу анын толук өмүр баяны менен тааныша алышат.

Андан сырткары, педофилдерди электрондук билерик аркылуу көзөмөлдөгөн учурлар да бар. Мындай ыкма шектүүнүн басып-турганын чектебейт, бирок ал кичинекей балдар окуган, ойногон жерлерге барганда полицияга атайын белги келип, катуу чаралар көрүлөт.

Ии баса, АКШда педофилдер хирургиялык жол менен да бычылат. Бирок ага педофил макулдугун бериши керек. Көп жылга кесилип кетпеш үчүн жана эркиндикке чыгыш үчүн эмнеге гана барбайсың.

Педофилия менен Европа кантип күрөшөт

Европа өлкөлөрүндө химиялык бычуу салыштырмалуу кийинчерээк колдонула баштаган. Мисалы Францияда мындай жаза биринчи жолу 2005-жылы ишке ашкан. Адам укугу биринчи планда турган Европанын башка өлкөлөрүндөй эле бул ыкмага айыпкер өзү макул болушу керек. Баш тартса өмүрүнүн акырына чейин психиатриялык ооруканада калат.

Улуу Британияда химиялык бычуу 2008-жылы пайда болгон. Шарт-талапка ылайык, буга макул болгон киши дароо абактан чыгаары менен бычылат.

Бир жылдан кийин мындай жазаны колдонууга Польша да кошулат. Бирок айрым өзгөчөлүктөрү бар. Эгер жабырлануучу кыз 15 жашка чейинки куракта болсо же айыпкердин тууганы болуп чыкса, жазага тартылган кишинин макулдугу талап кылынбайт.

Өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жашоодон запкы тарткан бөбөктөр. Кыргызстанда балдарды эмнеден коргоо керек
Педофилдер айрым айырмачылыктары эле болбосо Европанын бардык мамелкеттеринде бирдей жазаланат. Мындан Чехия гана өзгөчөлөнүп турат. Бул өлкөдө педофилдин укугу тууралуу сөз да болбойт. Айыбы аныкталса дароо бычылат.

Белгиленген жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн зордукчунун коом үчүн кооптуу же кооптуу эмес экенин сот менен дарыгерлер аныктайт. Эгер терс чечим чыкса, айыпкер өмүрүн психиатриялык ооруканада өткөрөт. Бирок жиндиканага жатпаш үчүн ал хирургиялык бычууга макул болуп, дароо эле эркиндикке чыгуусу каралган. Акыркы 30 жыл ичинде мындай процедурага макул болгондордун саны 115ке жетти.

Педофилдер кайсы өлкөдө өлүм жазасына тартылат

Баланын өмүрүн талкалагандар бардык жерде батыштагыдай укугу эске алынып, ээн-эркин жүрө бербейт. Мындай кылмышка баргандар Африка өлкөлөрүндө, Ирак менен Иранда, Кытай менен Сауд Аравиясында жана башка мамлекеттерде өлүм жазасына тартылат. Педофилияга өлүм алдындагы коркуу сезими гана бөгөт коет эсептелгендиктен, жазалоо ыкмалары да өтө катаал.

Баса, дал ушул өлүм жазасын колдонгон мамлекеттерде аларды тайраңдатып эркин кое берген, айрым учурда аны мыйзамдаштыруу тууралуу айткан өлкөлөргө караганда педофилия көрүнүштөрү сейрек кездешери аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0