Голливуд актеру Жордж Клуни жол кырсыгына кабылып, 1,5 метрдей учуп кетти

© AP Photo / Mario ChironiДТП с голливудским актером Джорджом Клуни
ДТП с голливудским актером Джорджом Клуни - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Скутерди айдап бараткан актер Mercedes үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышкан.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Голливуд актеру Жордж Клуни жол кырсыгына кабылганын РИА Новости агенттиги жазды.

Сардиния аралында скутер менен автоунаанын кагышкан учуру видео байкоого түшүп калган.

Жол кырсыгына кабылган актер машинага башы менен тийип, жамбашынан жаракат алып ооруканага жаткан. Андан сырткары буту жана колу сыйрылган. Башындагы шлеми олуттуу жаракаттан сактап калган.

Жол кырсыгы 10-июлда болгон. Клуни "Уловка-22" сериалы тартылып жаткан жерге баратып кырсыктаган. Аталган тасмага актер тартылып да, режиссердук да кылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0