Памела Андерсон өзүнөн 18 жаш кичүү футболчуга турмушка чыкмай болду

© AP Photo / Akira SuemoriГолливуд актрисасы, модель Памела Андерсон. Архив
Голливуд актрисасы, модель Памела Андерсон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Француз футболчусу Андерсондун айынан жарандык никедеги жубайын жана эки кичинекей баласын таштап кеткен.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Голливуд актрисасы, модель Памела Андерсон жана Франциянын футбол боюнча курама командасынын оюнчусу Адиль Рами үлпөт тоюн өткөрөт. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия агенттиги Brides басылмасына шилтеме берип кабарлады.

© REUTERS / SERGEI KARPUKHINФранциянын футбол боюнча курама командасынын оюнчусу Адиль Рами
Полузащитник сборной Франции по футболу Адиль Рами - Sputnik Кыргызстан
Франциянын футбол боюнча курама командасынын оюнчусу Адиль Рами

Россия сахнасынын примадоннасы Алла Пугачева жолдошу алып баруучу Максим Галкин менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алла Пугачева үй-бүлөсү тууралуу. Максим экөөбүздүн бөлмөбүз эки башка
Андерсон 10-июль күнү өткөн дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалына барып Франция жана Бельгия курамаларынын оюнуна күбө болгон. Мелдештин жүрүшүн ал Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен биргеликте "Санкт-Петербург" стадионунун VIP-орундугунан көргөн.

Оюндун жүрүшүндө күйөрмандары жана журналисттер 51 жаштагы моделдин колундагы бриллиант шакегин байкашкан. Үлпөт тойду алар дүйнөлүк чемпионат аяктаган соң өткөрүүнү пландашууда.

Андерсон Рамиден 18 жаш улуу. Эки жылдан бери чогуу жүргөн түгөйлөр Канн кинофестивалында таанышкан. Андерсон менен Рами Марселде футболчунун үйүндө жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0