Японияда табият кырсыгынан каза болгондордун саны 216 кишиге жетти

© REUTERS / ISSEI KATOЯпонияда нөшөрлөгөн жамгырдын кесепеттери
Японияда нөшөрлөгөн жамгырдын кесепеттери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жуманын аягында нөшөрлүү жамгыр Япониянын түштүк-батыш жана борбордук бөлүгүн кыйроого учуратып, топон суу менен жер көчкүнү пайда кылган болчу.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Японияда нөшөрлөгөн жамгырдын айынан жаралган жер көчкүдөн каза тапкандардын саны 216га жетип, дагы 27 кишинин дайыны чыкпай жаткандыгын РИА Новости Киодо агенттигине шилтеме кылып жазды.

Буга чейин 209 кишинин үмүрү кыйылгандыгы маалымдалган.

Землетрясения в префектуре Осака на западе Японии - Sputnik Кыргызстан
Японияда күчтүү жер титирөө катталды. Жүрөк үшүн алган видео
Адам көп каза болгон аймактар Хиросимо (106 адам), Окаяма (60 адам) жана Эхимэ (26 адам) шаарларында экендиги байкалган. NHK телеканалынын маалыматына караганда, дагы үч адам эс-учун билбей жатат.

Өткөн жуманын аягында нөшөрлүү жамгыр Япониянын түштүк-батыш жана борбордук бөлүгүн кыйроого учуратып, топон суу менен жер көчкүнү пайда кылган.

Азыркыга чейин суу каптаган райондордо жер көчкү коркунучу турат. 35 градус ысыкта 200дөй турак жайда суунун жоктугу абалды ого бетер курчутууда. Учурда жабыр тарткан райондордо беш миң киши коопсуз аймакка көчүрүлгөн, кырсык болгон жерде 5,5 миң ыктыярчы иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0