Путин, Макрон, Грабар-Китарович — 3 президенттин чемпионаттан кийинки эмоциясы. Видео

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин и премьер-министр РФ Д. Медведев посетили финальный матч чемпионата мира по футболу 2018
Президент РФ В. Путин и премьер-министр РФ Д. Медведев посетили финальный матч чемпионата мира по футболу 2018 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үч мамлекеттин президенттери Франция менен Хорватиянын футбол командалары менен жолугушту.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин, Франция башчысы Эммануэль Макрон жана Хорватиянын президенти Колинда Грабар-Китарович  дүйнөлүк чемпионаттан соң Франция, Хорватиянын футбол командаларынын кийинип-чечинген жайына киришти.

Goal басылмасы Twitter баракчасына футболчулардын үч өлкөнүн башчылары менен жолуккан видеосун жүктөдү. 

Награждение победителей ЧМ-2018 по футболу - Sputnik Кыргызстан
Касапчынын кызы. Хорват футболчуларын сүрөгөн президенти тууралуу 7 факты
​Франция курама командасы ыр ырдап, футболчулардын, президенттердин ысымын айтып кыйкырып, бийлешкен.  Жеңиштин урматына бардыгы шампан ооз тийген. Ал эми коңшу бөлмөдөгү хорваттар чөгүңкү маанайда. Алар президентинин колдоо сөзүн угуп, Россия башчысы Путин менен эстеликке сүрөткө түшкөн.

Футбол боюнча дүйнө биринчилиги жекшемби күнү, 15-июлда аяктады. Финалдык бөлүктө Франция 4:2 эсебинде Хорватияны жеңип, чемпион аталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0